Сириядагы эл аралык террордук уюмдардагы ишмердиги боюнча изделип жүргөн жаран кармалды
Сириядагы эл аралык террордук уюмдардагы ишмердиги боюнча изделип жүргөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан өткөрүлүп жаткан террорчулукка каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында кармалган.
Шектүү 1981-жылы туулган А.Н. аттуу жаран. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдын алкагында кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.