super.kg logo

167 жүргүнчүнүн өмүрүн алган Боинг кырсыгы. Зеленский каза болгондордун жакындарына Иран мамлекети сунуштаган 80 миң долларды аз деди

 

8-январда Тегеранда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулаган. Такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болуп, баары каза болушкан.

Иран бийлиги учак кырсыгында жакындарын жоготкон украиналык 11 үй-бүлөнүн ар бирине 80 миң доллардан (5 миллион 588 миң сом) компенсация төлөп берүү сунушун айтты. Бирок мындай суммага Украинанын президенти Володимир Зеленский макул болгон жок. Бул тууралуу ал жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатканда айтты.

"Иран каза болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 80 миң доллар төлөп берүүнү сунуштады. Бирок биз макул болгон жокпуз. Менимче, бул каражат аздык кылат. Маркумдун жубайы жумушу жок экенин, күйөөсү үй-бүлөнү баккан жалгыз адам болгонун айтат. Баласы чоңойгондо жогорку окуу жайда билим алышы керек да", - деди ал.

Украинанын президенти бул иш боюнча Эл аралык сотко кайрыларын кошумчалаган. "Кандай болгон күндө деле Эл аралык сот болот, компенсация төлөнөт. Украина мамлекети тарабынан жоготууга учураган үй-бүлөнүн ар бирине 200 миң гривна (560 миң 35сом) берилген. Мындан тышкары, авиакомпания дагы компенсация төлөйт", - деген президент.

Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Бортто 180 жүргүнчү бар экендиги айтылган. Кийин такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болгондугу белгилүү болду. Жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Алардын арасында Ирандын 82 жараны, Канаданын 63 жараны, Улуу Британиянын 3 жараны, Германиянын 3 жараны, Швециянын 10 жараны, Ооганстандын 4 жараны жана Украинанын 11 жараны (алардын 9у экипаж мүчөлөрү) бар экендиги аныкталган.

Кийинчерээк Иран Украинага таандык Боинг 737 учагын кокустан атып түшүрүп алганын моюнга алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
03.02.2020. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Украиндерге убал жок, эч нерсе бербей койсо экен. Колуңардан келгенин кылгыла деп.
03.02.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бирине бир миллион $ дан алгыла.
03.02.2020. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бизде ДачаСудагы кырсыктан олгондорго Турция канча тологону же толобогону белгисиз калган го
03.02.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nargiz-sa, 30 миллион$ дой компенсация төлөп бергенго түрк фирмасы.
04.02.2020. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Center,кимге
04.02.2020. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nargiz-sa, даже элден чогулган акчаны жутуп ийишти го
03.02.2020. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин уяты доктор 1 тыйында алаалышпадыго дача суга кулагпнда мына чыныгы президент азаматсын Володимир
03.02.2020. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
u02u02,Ала алышпады эмес куноолуу олко берет акчаны балким биздин чондор элге жеткирбей жеп коюшу мумкун.
03.02.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
u02u02,турктор төлөп берген. Компенсация алган элдин өтүнүчү менен жарыяланган эмес суммасы. Кыргыздар укмуш эле калкпыз да, Черныйлар бар, ууру кески дегендер бар. Бирөө укпасын деп коркот элдер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: