super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Нарын облустук ЖКККБ: "Нарында автоунаа сүзүп кеткен окуучу кыз каза болду"

 

"Нарын шаарында автоунаа окуучу кызды сүзүп кетти" деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө маалымат берген. Окуя боюнча Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берди.

"Автокырсык кечээ, 3-февраль күнү саат 15:20 чамасында Нарын шаарынын Городок аймагында катталды. Нарын шаарында эл ташуучу кичи автобус менен келген окуучу кыз аялдамадан түшүп, кичи автобус ордунан жылганча чуркап чыга калганда артынан келаткан Фольксваген Венто үлгүсүндөгү автоунаа кызды сүзүп кеткен. Тилекке каршы, 2010-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну, окуучу кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Автоунаа айып короосуна токтотулду. Учурда Нарын ШИИБинин тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.02.2020. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маршрутка да дагы куно бар тезирек айдап кетпейби
04.02.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарга уйротушубуз керек, "эч качан машинанын жолунан эки жагынды карабай туруп чуркап өтпөй, токтоп турган машинанын артынан өтүш керек" деген эрежелерди. Бул жерде кыздыда, айдоочуну да жалко. Айдоочулар шаар ичинде ылдамдыкты ашырбай айдаса жок дегенде тирүү калат беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: