"Кулакчын менен бара жаткан". Бишкекте троллейбус сүзүп кетти деген кырсык боюнча мэрия билдирүү жасады
3-февралда Бишкектеги Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрүндө троллейбус жөө адамды сүзүп кеткени маалымдалган. Патрулдук милициянын басма сөз катчысы кырсыктан 20-25 жаш чамасындагы жөө адам жабыркаганын ырастаган.
Бишкек мэриясы бүгүн, 4-февралда жол кырсыгы боюнча билдирүү жасады. Ага ылайык, кырсыктан жөө адам жана троллейбустун бир жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулар жаракаты жеңил болгондуктан, дарылануудан баш тартышты.
"№5 багытындагы троллейбустун айдоочусу Б. Айдарбеков жол эрежесин бузган эмес. Жогорудагы көчөлөрдүн кесилишинен жол чырактын жашылы жанып, айдоочу өтөйүн деп жатканда жөө адам чыга калган. Жөө адам кулакчын менен бара жаткан. Айдоочу троллейбусту дароо токтоткондуктан, ичиндеги бир жүргүнчү кулап түшкөн. Окуя орун алгандан кийин айдоочу биринчи жардамды көрсөтүп, "Тез жардам" кызматын чакырды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Бишкек мэриясы жөө адамдарды жолдо жүрүүдө этият болууга, кулакчын тагынбоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Muzik

04.02.2020. 17:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Троллейбус айдагандарды негизи эч ким эч нерсе кыла албайт окшойт, менин да машинамды бир жолу троллейбус артымдан сузуп алганда, гаи чакырып да эч нерсе кыла албай койгом.
Sabyr_Baymatov

04.02.2020. 18:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5-троллейбустун маршруту ал жерде эмес го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.