super.kg logo

Караколдо абакка баңги затын унга катып киргизген жаран кармалды

 

Абакта кармалгандарга баңги затын өткөрүү учурунда Каракол шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, аларга Каракол шаарынын тургуну Саке аттуу адам абакта кармалгандарга баңги затын өткөрүүгө даярданып жатат деген маалымат түшкөн. "Аталган маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышты ишке ашырууну көздөгөн адамдын өздүгү аныкталып, Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну Ж.Максат болуп чыккан. Ал Каракол шаарындагы №23 СИЗОнун кабыл алуу бөлмөсүндө абактагылардын бирине тамак-ашты өткөрүп жаткан учурда, унга катылган 40 грамм гашиш баңги заты табылган. Аталган факты Каракол ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 268-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп билдиришти милиция кызматкерлери.

Кылмышка шектүү катары кармалган Ж.Максат эч жакка кетпөө тил катында калтырылды. Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: