Чоң Алайда 16 жаштагы кызын турмушка берген ата-энеге сот чечим чыгарды
Ош облусунун Чоң Алай райондук соту 16 жаштагы кызды турмушка бергени үчүн кыздын ата-энесин анын күйөөсүн жана баланын ата-энесин күнөөлүү деп таап, ар бирин 2 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бирок ошол эле кодекстин 83-беренесинин талаптарынын негизинде соттолуучулардын ар бирине 1 жыл пробациялык көзөмөл дайындалды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу кыз 2002-жылы февраль айында туулган. Ал турмушка 2018-жылдын февраль айында чыккан. 2019-жылдын апрель айында Чүй облусунун Москва районуна караштуу төрөт үйүнө барган. Ага ошол жерден Москва РИИБи иш козгогон.
"Соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу өспүрүм кыз өзүнүн учурдагы күйөөсү менен сүйлөшүп жүрүп баш кошкондугун, аны никеге турууга эч ким зордобогондугун айткан. Ошондой эле бүгүнкү күндө жолдошу экөө балалуу болуп, чогуу жашап жатышкандыгын айтып көрсөтмө берген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Ал эми нике окуган молдонун каза болгондугуна байланыштуу ага кылмыш иши козголгон эмес.

Мамлекеттин жооптуу кызматтарында отуруп эч бир жумуш аткарбай казынага миллиондогон сомдорго зыян келтиргендерге кылмыш козголбойт дагы жаш уй-булоого кучунор жеткенине жол болсун.
Кызды мажбурлап турмушка узаткандарды жвзалоо керек.Бирок оз эрки менен турмушка чыккандарга тийишпегиле!
Эми 12 жашында деле берсе болот дегендер да чыкса керек динди бурмалап суйлоп.
Эн туура айтасыз.
Эл сотторго каршы чыгыш керек.
Соттордун оздорун камоо керек.