super.kg logo

30 тонна ун, 40 тонна гречка... Кыргыз-казак чек арасынан товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалды

 

Кыргыз-казак чек арасында тамеки буюмдарын, күйүүчү май жана азыктарды жана башка товарларды мыйзамсыз ташып киргендерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Ак-Тилек" автожолу контролдук-өткөрмө пунктунан 9 миллион 900 миң сомдук 48 тонна муфтасы бар анкердик жабдууларын 20 тонна пияз, 30 тонна ун, 40 тонна гречка, 360 миң сомдон ашык суммадагы жасалма газон, 300 миң сомго поролон алып бара жаткан унаалар кармалган.

"Чалдыбар" автожолу контролдук-өткөрмө пунктунан 80 тонна буудай, 8340 даана тамеки буюмдарын (электрондук чылым) жана 1 тонна күйүүчү майды алып өтүүгө аракет жасашкан.

"Ак-Жол" контролдук-өткөрмө пунктунан 100 куту кореялык макарон жана 540 литр күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган автоунаалардын айдоочулары кармалган.

"Чоң-Капка" контролдук-өткөрмө пунктунан 1 миллион 800 миң сомдук түтүктү (суу полиэтилени) ташып киргизүүгө бөгөт коюлган.

Бардык импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалым каты жана коштомо кагазы жок болгон. Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
04.02.2020. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы бир бечара чоңдун контрабандасы кармалды да
05.02.2020. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таможный союз Эркин экономно не болду ошондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: