super.kg logo

Ысык-Көлдө бир канча адамдын унаасын алдоо жолу менен алып, акчасын бербей жүргөн шектүү кармалды

 

Ысык-Көл облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айында Ысык-Көл РИИБине Чоң-Сары-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну К.Б. кайрылган. Арызда 2019-жылдын 24-сентябрында белгисиз адам анын Мерседес-Бенц унаасын 100 миң сомго баалап, 20 миң сом акчасын берип, калган акчаны 2 айдын ичинде берем деп айдап кеткен. Бирок ал ушул күнгө чейин акчасын бербей жүргөн.

Ушул эле айылдын 20 жаштагы тургуну А.Р. дагы милицияга арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 5-сентябрында белгисиз адам анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен 3 даана титан дискасын жана 3 миң сом акча каражатын алып кеткендигин билдирген. Жалпы чыгым 18 миң сомду түзгөн.

Андан тышкары, Кара-Ой айылынын 52 жаштагы тургуну дагы кайрылып, 2019-жылдын 5-июлунда белгисиз адам анын ВАЗ-2105 үлгүсүндөгү унаасын 35 миң сомго баалап, акчасын бир айдын ичинде берем деп, бирок ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция кызматкерлери тарабынан комплекстүү издөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын К.М. аттуу тургунун кармашкан. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.

Ысык-Көл райондук криминалдык милиция кызматы аталган жарандан жабыркагандар болсо, төмөндөгү телефон номерлерге чалып коюну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0709 20 30 87; 0709 08 55 30 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: