Кара-Балтада дене тарбия мугалими сабакта окуучуларды тепкен видео тарады
Социалдык тармакка сабак учурунда дене тарбия мугалими окуучу баланы тепкен видео тарап, талкуу жаратты. Окуучу баланын эжесимин деген колдонуучу төмөнкүдөй нааразычылык пикирин калтырган.
"Бүгүн, 5-февраль күнү Кара-Балта шаарынын №2 орто мектептин спорт залында менин иним А.С.Б.ны дене тарбия мугалими бетке тепкен. Андан сырткары, мугалим башка баланы бетке тепкенин көрүүгө болот. Ал мугалим буга чейин деле окуучуларды тээп, түртүп, муунткан учурлар болгон. Аны эч ким далилдей алган эмес жана балдарга эч ким ишенген эмес. Бул жолу анын классташ кызы капыстан видеого тартып алган. Маалыматка караганда, мугалим буга чейин чек арачы болуп иштеген", - деп жазылган билдирүүдө.
Бул окуя тууралуу Билим берүү министрлигине байланышканыбызда, алар окуядан кабардар экендигин жана териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Кара-Балтада дене тарбия мугалими окуучуларды тепкен
Кара-Балтада сабак учурунда окуучуну тепкен мугалимге сөгүш жарыяланды

Бетке теппеш керек болчу
Дагы айтам, Кыргызстанда БАЛАНЫН УКУГУНУ КОРГОЙБУЗ деп жатып МУГАЛИМДИН УКУГУН ТЕБЕЛЕП бүттүк. Азыр окуучулар арызданчаак, эне-аталар ашкере баласаак болуп калдык. мектепке балдарыбыз татыктуу билим алсын, адам болсун, жакшы менен жаманды ажыратып таанысын, тил үйрөнсүн, дүйнө таанымы кеңейсин деп жиберип жатканыбызды унутуп койдук.
Кыргызда "Эти меники сөөгү сеники" деген сөз бар. Бекеринен Жакып атабыз Манас
Андан эч жерибиз сынбай, орулуу болуп калбай жакшынакай эле жашап журобуз баарыбыз. Бул дагы болсо тарбия мугалимдер деле жон эле отурсан келип уруп сабабайт