super.kg logo

Ошто эки жаран ичимдик ичип отуруп, бири экинчисин сабап салган. Жабырлануучу ооруканада эсине келбей каза болду

 

Ош шаарында эки жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, бири экинчисин сабап салган. Жабырлануучу ооруканада эсине келбей каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Ош шаарынын Разаков көчөсүндө 1981-жылы туулган Т.Ж. жана 1971-жылы туулган А.Э. спирт ичимдигин ичип олтурушуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада Т.Ж. аттуу жаран 1971-жылы туулган А.Э.ни бир нече жолу бетине, башына уруп, оор жарат алган шеригин үйүнөн чыгарып жиберген. "Тез жардам" кызматын чакырган эмес.

"Катуу сабалган жаранды көргөн адамдар "Тез жардам" кызматын чакыртып, Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Натыйжада А.Э. 4-февраль күнү алган жаракатынан улам өзүнө келбей каза болгон. Ал эми бул кылмышка шектүү катары анын бөтөлкөлөш шериги Ош облусунун Алай районунун тургуну, 1981-жылы туулган Т.Ж кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүүнүн баш коргоо чарасы кечээ, 5-февралда каралып, эки айга камакка алуу түрү тандалып алынган. Кылмышка шектүү мурда 12 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2020. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12 жолу соттолгон дейби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: