super.kg logo

Токтогулда мурда соттолгон жаран үйүндө 101 килограмм баңги затын чогултуп жүргөн

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 101 килограмм 335 грамм баңгизат табылып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 6-февралда Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бир нече күндүк ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Токтогул районунун Үч-Терек айылынан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү катары 42 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалды.

Буга чейин Ош ШИИБине Токтогул районунун тургуну С.А. баңги заттарды сатып өткөрүп жүргөндүгү тууралуу так маалымат келип түшкөн.

"Шектүүнү баңги заттарды бекиткен үйдөн көрсөтүп берген. Үйдү күбөлөрдүн катышуусунда кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм болгон марихуана баңги заты табылган. Алынган зат марихуана экендигин атайын экспертиза аныктады. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү бул баңги затты Токтогул районунун аймагынан сатып өткөрүү максатында өзү чогултканын айткан. Кылмышка шектүү С.А. Ош ШИИБине алып келинип, ага карата сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү С.А. 1978-жылы Токтогул районунда туулган. Токтогул районунун тургуну. Мурда үч ирет соттолгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: