super.kg logo

Борбордогу ооруканаларга кирип телефон уурдап жүргөн 21 жаштагы жарандар колго түшүрүлдү

 

Бишкектеги №3 балдар ооруканасына, Улуттук госпиталга кирип телефон уурдап жүргөнгө шектелип, 21 жаштагы эки жаран кармалды.

Октябрь РИИБине 2019-жылдын декабрь айында Р.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда №3 балдар ооруканасынан жалпы суммасы 37 миң 500 сом болгон эки телефон уурдалганы кабарланган.

2020-жылдын 9-январында шаар тургуну К.К. №3 балдар ооруканасынан анын эки телефону уурдалганын айтып, укук коргоо кызматкерлерине кайрылган. Арыздануучу уурдалган буюмдун жалпы суммасын 25 миң сом деп баалаган.

5-февралда А.У. аттуу тургун Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнөн 17 миң сомдук телефонун уурдатып алганын айтып, Октябрь РИИБине кайрылган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Издөө жана тергөө иштеринин алкагында Т.А. жана Н.Т. аттуу жарандар шектүү делинип кармалды. Экөө тең 1998-жылы туулган. Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн эрки менен уурдалган смартфондорду кайтарып беришти. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда", - деп кабарлашты Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
08.02.2020. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындай эшектердиг колуну кесип салыш керек
08.02.2020. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Т.А НТ дебей кылмышкерлердин жее уруулардын аты жөнүндө толук эле жазып койсоңор эмне бирөө силерди урушабы
08.02.2020. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздикилердин көзү жабык дагы тааныгандар, жабыркагандар болсо издөө салабыз деп коёт. Орусияда кармалгандар видеого тартып сүйлөтүп чыгарып атышат го, эмнеге законго каршы болмок эле.
08.02.2020. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Воот, КПП жана камера орнотуш керек.
08.02.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орууп жаткан кишиге барсан киргизбей каадаланышат анан ушул ууруларды кантип киргизип жиберишет кайда кимге деп сурабастан таң калыштуу
10.02.2020. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумшуктор мен да 30-ноябрь ошол 3 балдар ооруканасынан телефонумду уурдаттым россрочкага алып жаңы эле төлөп бүткөн болчумун.Кызым ооруп жаткан элем ушундай балдардын барынан жогу жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: