super.kg logo

167 жүргүнчү набыт кеткен Боинг кырсыгы. Канада каза болгон жарандары үчүн Ирандан миллиард доллар талап кылды

 

8-январда Тегеранда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулаган. Такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болуп, баары каза болушкан.

Бул кырсыкта 63 жаранын жоготкон Канада өлкөсү Ирандан 1 миллиард 500 миллион канада долларын (1 миллиард 100 миллион) талап кылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Канаданын юристтер тобу сотко арыз менен кайрылышкан. Негизги арыздануучулардын бири каза болгондордун жакыны деп көрсөтүлгөн. Арызда учактын кыйрашы "атайылап жасалган террордук акт" деп жазылган.

Окуянын чоо-жайы:

Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Бортто 180 жүргүнчү бар экендиги айтылган. Кийин такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болгондугу белгилүү болду. Жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Алардын арасында Ирандын 82 жараны, Канаданын 63 жараны, Улуу Британиянын 3 жараны, Германиянын 3 жараны, Швециянын 10 жараны, Ооганстандын 4 жараны жана Украинанын 11 жараны (алардын 9у экипаж мүчөлөрү) бар экендиги аныкталган.

Кийинчерээк Иран Украинага таандык Боинг 737 учагын кокустан атып түшүрүп алганын моюнга алган.

Иран бийлиги учак кырсыгында жакындарын жоготкон украиналык 11 үй-бүлөнүн ар бирине 80 миң доллардан (5 миллион 588 миң сом) компенсация төлөп берүү сунушун айтты. Бирок мындай суммага Украинанын президенти Володимир Зеленский макул болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
08.02.2020. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Кааапырлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: