"Милиция кызматкерлерибиз" деп чет элдик жарандан акча талап кылгандар кармалды
Бишкекте чет элдик жаранга өздөрүн "милиция кызматкерлерибиз" деп тааныштырып, ири суммадагы каражат талап кылгандар кармалды.
3-февралда Түштүк Кореянын жараны укук коргоочуларга кайрылып, милиция кызматкерибиз деген жарандар 8 миң доллар каражат талап кылганын айткан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"ИИМдин тергөө кызматы тарабынан атайын операция жүргүзүлүп, 7-февралда 2 миң доллар алып жаткан жеринен эки жаран кармалды. Кармалган жарандар Бишкек шаарынын тургундары экени аныкталды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
AykaMer

08.02.2020. 18:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уяты жоктор,маңдай тер менен тап ошол акчаны...Кыргызды уят кылбай...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.