super.kg logo

Каза болгондор жерге берилип, жабылган мектептер кайра иштей баштады. Кордайдагы бүгүнкү абал

 

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районундагы чыр-чатак чыккан Масанчи, Аухатты жана Сортобе айылдарында абал турукташууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда жогоруда аталган 3 айылдагы мектеп жана бала бакчалар кайрадан иштей баштады. 3 айылда жалпы 9 мектеп болсо, анын сегизи бүгүн кайрадан окутууну улантууда, биринде жаңжалдан кийинки ыкчам штаб түзүлгөн. Ал мектептин окуучулары азырынча жакын жайгашкан мектепке жөнөтүлүүдө. Мындан тышкары, 7 бала бакча кайрадан эшигин ачып, ага 1350 бала барууда.

"Жаңжалдан улам азык-түлүксүз калган айыл тургундарына түнү гуманитардык жардамдар келди. Азык-түлүк, төшөк-шейшептер, дары жана жуунуучу каражаттарды Жалпактөбө айылындагы кайдыгер эмес адамдар жөнөтүшкөн. 5 тонна ун, 3 тонна күрүч, ушундай эле көлөмдөгү кумшекер жана башка керектүү азыктар жабыркагандарга таратылууда. Баш аламандыктан кийинки экинчи түн тынч өттү, айылдыктардын коопсуздугун коргоо үчүн полиция кызматкерлери түнкү нөөмөттө турушат. Алар ар бир унааларды да дыккат текшерүүдө, райондогу өзгөчө кырдаал алына элек", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 9-февралда жаңжал учурунда каза болгондорду жерге берүүнүн алгачкы зыйнаты өткөн. Алар өздөрүнүн үй-жайын, үй-бүлөсүн таш, таяк менен коргойбуз деп аракеттенишкен. Маалыматта көбү ок тийип каза болгондугу жазылат. Алардын бири Рамзан Харсаров 47 жашта болгон. Аны жерге берүү зыйнатына 300 киши топтолду, маркум алты баланын атасы болчу. Чыр чыккан түнү аялы балдары менен Кыргыз өлкөсүн көздөй качкан, күйөөсүнүн жансыз денесин өлүкканадан үйүнө алып келишкенде ал балдары менен кайра үйүнө кайткан.

Окуянын чоо-жайы:

7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Сортобе айылынын тургундары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ага удаа эле коңшу жайгашкан Масанчи айылында тургундар ортосунда мушташ чыгып, атышуу менен уланган. Андан ары үйлөргө өрт коюу менен конфликт күчөй берген.

Социалдык тармактарда чыр-чатак улуттар аралык араздашуудан улам чыкканы айтылып жатат. Ал эми Казак бийлиги турмушта боло турган жаңжал, аны чагымчылдар ырбатып жиберди деген версияны билдирүүдө. Ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, жаңжал бири-бирине жол бербеген жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын ичиндеги адамдардын адегенде оозеки, кийин кол көтөрүүгө өткөн уруштан чыккан.

8-февраль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү таратып, чырдын келип чыгышына күнөөлүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн туура эмес маалымат тараткандар жазаланышы керектигин айткан.

Жаңжалдан улам түзүлгөн штабдын соңку маалыматына ылайык, 11 адам каза болгон, 40тан ашуун киши жаракат алган. Баш аламандыктан зыян тарткандар толук эсептелип бүтө элек болсо да 30 үй, 15 дүкөн, 23 авто унаа күйүп кеткени маалымдалды. Кордай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
10.02.2020. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Оздорунун мамлекети жок улуттар копту копкондо дагы. Казактар молодец ушундай кылыш керек болчу. Бизде дагы коп ушундай улуттар башкаларды адам сымалы корбогондор.
Билип журушсун Кыргыздардын бир жини келгенде Казактардыкы бул жакта эле калат
10.02.2020. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
gute,туура кайсы олкодо жашаган сон ал мамлекеттин урп адат каада салтын сыйлоо менен бирге тилин дагы билуусу абзел мисалы биздин элден мигранттар сыртта коп кайсы олкодо болбосун ошол жергиликтуу тургундарга ошол жердин тили менен кайрылышат демек биздин олко Кыргызстан болгондон кийин Озбегин болобу орусун болобу дунганын болобу биздин тилди билуу менен бирге кыргыз тилинде суйлоого мажбур суйлобосо мажбурлоо керек жакпайбы анда жол ачык чыгып кетишсин
10.02.2020. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Казактар Дунгандар силер урушсаңар кыргыздар күнөөлүү эмес го кее бир казактар кыргыздарга таш ыргытып жатасынар биз адилеттүүлүк үчүн калыс карап турабыз бир мамлекет болгондон кийин өзүнөр чечишип алгыла
11.02.2020. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчылык эле болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: