super.kg logo

Сузактагы мейманканалардын биринде аял менен эркек бири-бирине бычак сайган. Алар ооруканада жатат

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 21 жаштагы аял киши менен 35 жаштагы эркек бири-бирине бычак сайып жиберишкен. Учурда алар райондук ооруканада жатканын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы билдирет.

Кырсык тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 7-февраль күнү болжол менен саат 10:00 чамасында "Тез жардам" кызматы тарабынан келип түшкөн. Анда Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде эркек менен аял киши бири-бирин бычактап, денелеринен жаракат алышкандыгы маалымдалган.

"Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда эркек менен аял киши бири-бирин бычактап, эс-учун жоготкон абалда жаткандыгы аныкталган. Алар "Тез жардам" менен райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. мейманканага 21 жаштагы айым менен келген. Ал мейманкананын администраторуна кызды аялым деп тааныштырган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, эксперт-криминалисттер тарабынан бармак издери жана тиешелүү далил буюмдар алынды. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ден соолукка оор зыян келтирүү" деп катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кылмышка шектүү делинген 35 жаштагы жаран дарыгерлердин жана милициянын көзөмөлүндө атайын палатада дарыланууда. Ал эми аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деп билдирет маалымат кызматынын өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.02.2020. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зына.
10.02.2020. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bond02,балким никеси бар аял эркектир
11.02.2020. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AksyKum,никеси болсо мейканканага эмне барышат?Yйундо эле болбойт беле?
11.02.2020. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Farkhat07.05.89,мейманкананы негизи алыс жактан келгендер жататурган жери жокторго ачылган.а ою жамандап мейманкананы только ошондой жер деп ойлошот
10.02.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Никеси жок эле болсо керек кыздын кулагын кызытып, мейманканага ээрчитип баргандыр
11.02.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соодада келише алышпай калган булар. Башкача сайышып алышты да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: