super.kg logo

Миллион сомго жакын суммада мыйзамсыз ташылган парфюмердик буюмдар кармалды

 

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери баасы миллион сомго жакын аткезчилик жол менен ташылып келинген парфюмердик буюмдарды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош облусунда А. уулу З. аттуу Кыргыз жараны айдап бараткан Мерседес Бенц 412 D үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп, жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз өлкөсүнүнө чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 3 тонна 543 килограмм 96 грамм болгон парфюмердик буюмдар табылган. Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБдин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 986 миң 832 сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: