super.kg logo

Ысык-Көлдө жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

 

Караколдо жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кармалган айдоочу 19 жашта болгон.

Кырсык тууралуу маалымат 10-февралга караган түнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө облустук бириккен ооруканасынан келип түшкөн. Анда жол кырсыгынан Самат аттуу жаран денесинен жаракат алгандыгы маалымдалган.

"Жабырлануучунун айтымында, 10-февралга караган түнү Каракол шаарынын Масалиев көчөсүнөн унаасы бузулуп, тышка чыккан мезгилде артынан келе жаткан унаа сүзүп кеткен. Сузүп кеткен унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгына күбө болгондор жабырлануучуга "Тез жардам" кызматын чакырып, ооруканага алып келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу кармалды. Ал Каракол шаарынын 19 жаштагы Николай аттуу тургуну экени аныкталды.

Айдоочунун айтымында, болжол менен түнкү саат 00:20 чамасында Фольксваген Гольф-2 унаасы менен бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Ал коркконунан окуя болгон жерден качып кеткендигин моюнуна алган", - деп билдирет маалымат катчы.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардн бирдиктүү реестрине 297-берене (автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: