super.kg logo

ТЕСТ: Сүрдөткөн, сүйлөткөн, ыйлаткан, сыздаткан... Сүйүү тууралуу тасмалардын күйөрманысызбы?..

 

14-февраль сүйүшкөндөр күнү деп бейформал белгиленет. Бул күнү түгөйлөр бири-бирине куттуктоо кагазынан баштап таттууларга чейин белек тартуулашат. Ошондой эле, көп учурда бул күндү белгилөө албетте, киного барып, сүйүү тууралуу тасма көрүү менен уланат.

Эгерде сиздин түгөйүңүз жок болсо, кейибеңиз! Биз сизге сүйүү тасмаларынан куралган кызыктуу тест сунуштайбыз. Махабат баяндалган тасмаларды канчалык деңгээлде билериңизди бул тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз. Анда эмесе, түркүн сүйүү тасмаларынын кинотеатрына кеттик!


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

Айтылуу акын Раймаалы менен казак кызы Бегимайдын сүйүүсү баяндалган тасма кандай аталат?

Тасманын аталышы "Махабат дастаны". Алгачкы жолу 1985-жылы "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлгөн. Раймаалынын ролун Тууганбай Абдиев, Бегимайдын ролун Асел Эшимбекова аткарган.

Кийинки суроо


"Мурас"
"Махабат дастаны"
"Сүйүүнүн жаңырыгы"

"Шамал алып кеткендер" тасмасындагы жубайлар Скарлетт менен Реттин тагдыры эмне менен аяктайт?

Тасманын соңунда Ретт жубайы Скарлеттин кылык-жоругунан тажап, Скарлетти таштап белгисиз жакка кетип калат. Буга Скарлеттин Эшли аттуу мырзаны жакшы көргөндүгү да себеп болгон. Бирок Скарлет Эшлиге болгон сүйүүсү акылга сыйгыс экендигин жана ушул убакка чейин бир гана Ретти сүйгөндүгүн түшүнүп, өкүнөт.

Кийинки суроо


Ретт Скарлетти таштап кетет
Скарлетт Реттке ажырашуу тууралуу сунуш киргизет
Экөөнүн мамилеси кайрадан жакшырат

"Кызматтагы сүйүү" тасмасында көз айнегин түшүрбөй, бир кылка костюм-юбка кийген директор Людмила Прокофьевна эмне үчүн стилин өзгөртүүнү чечет?

"Кызматтагы сүйүү" тасмасындагы мүнөзү оор, ар дайым бир гана стилде кийинген директор Людмила Прокофьевна кол алдындагы кызматкери Анатолий Ефремович экөөнүн ортосунда сүйүү сезими пайда болгондон кийин өзгөрүүнү чечет.

Кийинки суроо


Кол алдындагы кызматкери экөөнүн ортосунда сүйүү сезими жанганы үчүн
Эски стилинен тажагандыгы үчүн
Кызматкерлер аны ар дайым сындай бергендиги үчүн

1990-жылы эң көп киреше тапкан "Арбак" тасмасы болгон. Арбакка айланган баш каарман Сэм жубайы Моллиге ким аркылуу ага коркунуч бардыгын айтат?

Тасмада баш каарман Сэм досунун колунан ажал табат. Жубайы Моллинин өмүрүн сактап калуу үчүн ал кокусунан көзү ачык Ода Мэйге кезигип калып, анын жардамы менен аялы аман калат.

Кийинки суроо


почточу
жактоочу
көзү ачык

1999-жылы чыккан "Анна жана падыша" тасмасындагы падыша ашык болгон Анна эмне кызмат кылат?

"Анна жана падыша" тасмасында жолдошу каза болуп калган Анна уулу менен Сиам падышасынын мураскерлерине англис тилин үйрөтүү үчүн чакырылган.

Кийинки суроо


Англис тилинен мугалим
Тарбиячы
Саякатчы

"Титаник" сүйүү тууралуу мыкты тасмалардын бири экени талашсыз. Андагы баш каарман Жектин ролун аткарган актёр Леонардо Ди Каприо ошол маалда канча жашта болгон?

"Титаниктеги" Жектин ролун атактуу актёр Леонардо Ди Каприо 23 жашында аткарган.

Кийинки суроо


18
23
28

2001-жылы экранга чыккан бразилиялык "Клон" телесериалындагы баш каарман Жади күйөөсү Саидди эмес, башка адамды сүйөт. Анын аты эсиңиздеби?

Бир кезде элдин баары Жади деп күткөн "Клон" телесериалындагы Жадинин сүйгөнүнүн аты Лукас. Бирок Жади Саидге турмушка чыгып, Лукас Маизага үйлөнөт.

Кийинки суроо


Лео
Лукас
Диогу

"Эртең келеби же келбейби?" тасмасында баш каарман Аман Нейнанын "сени жакшы көрөм" дегенине эмне деп жооп кайтарат?

Нейнанын "сени жакшы көрүп калдым" дегенине Аман "мен бойдок эмесмин" деп калп айтат. Чынында, ал айыккыс ооруга чалдыккан болот.

Кийинки суроо


"Мен да сени жакшы көрөм"
"Сен мага жакпайсың"
"Мен бойдок эмесмин"

"Интуиция" тасмасында кокустукка тагдырын байлаган баш каармандар байланыштарын эмнеге жазып, кийин аны жети жыл бою акылдан азгандай издешет?

Аталган тасмада бир көрүүдөн бири-бирин жактырып калган кыз-жигиттин махабаты көрсөтүлөт. "Эгер тагдыр бизди табыштыргысы келсе, анда биз сөзсүз кайра жолугушабыз" деген баш каармандар Жонатан менен Сара байланыштарын китеп менен 5 долларлык купюрага жазышат.

Кийинки суроо


Блокнот менен 10 евролук купюрага
Гезит менен 100 фунттук купюрага
Китеп менен 5 долларлык купюрага

"Намыс жана жаңылыштык" тасмасындагы 5 эже-сиңдинин бирин белгилүү актриса Кира Найтли аткарган. Ал кайсы каарман?

Аталган тасмадагы баш каарман Элизабет Беннеттин ролун белгилүү англиялык актриса Кира Найтли аткарган.

Кийинки суроо


Жейн Беннет
Анна де Бёр
Элизабет Беннет

"Гейшанын мемуарлары" тасмасында Саюри деген ысымга ээ боло элек кезинде Чиого сырдуу мырза эмне тартуулайт?

Гейшалардын тагдырын чагылдырган аталган тасмада секелек курагындагы Чио сырдуу мырзага көчөдөн кезигип калып, ал ага балмуздак сатып берет.

Кийинки суроо


Гүлдесте
Балмуздак
Кимоно

Башкы ролдордо Хилари Суонк жана Жерард Батлер тартылган "P.S. Мен сени сүйөм" тасмасынын жаратуучулары сүйүүнү кандай өңүттө даңазалоону каалашкан?

"P.S. Мен сени сүйөм" тасмасынын жаратуучулары "Сүйүү өлүмдөн кийин да түбөлүк жашай берет. Ал жаңы жашоону баштоого күч жана маңыз берет" деген идеяны бергиси келген. Анда жаш жубайлардын кадимки турмушу сүрөттөлөт, жолдошу айыккыс дарттан улам каза болуп, Холли депрессияда жүргөндө жолдошу көзү тирүү кезинде "P.S. Мен сени сүйөм"деген жазуусу менен бир канча каттарды даярдап койгон болот. Жубайы мындай каттарды ар бир белгилүү даталарда алып турат да, жаңы жашоого бел байлайт.

Кийинки суроо


Сүйүү бир жанып кайра өчкөн от сыяктуу
Сүйүү өлүмдөн кийин да түбөлүктүү жашай берет
Сүйүүнү сактап калуу үчүн бир адамдын аракети жетишсиз

"Москва көз жашка ишенбейт" тасмасындагы Катянын алгачкы сүйүүсү болгон мырзанын атын атаңыз...

Бул тасма 1980-жылдары СССРдин сүймөнчүлүгүнө арзып, эң көп көрүлгөн тасма болгон. Тасмадагы баш каармандардын бири болгон Катя Москвага келгендеги алгачкы сүйүүсү Родион болгон. Бирок экөөнүн тагдыры эки ажырым жолго түшкөн.

Кийинки суроо


Георгий
Родион
Николай

"Күүгүм" тасмасындагы Беллага ашык болгон Жейкобдун тагдыры кайсы каарман менен байланат?

"Күүгүм" тасмасынын эң акыркы бөлүгүндө баш каарман Беллага ашык болгон Жейкоб Белла менен Эдварддын кызы Ренесми менен тагдыры бир экени белгилүү болот.

Кийинки суроо


Белла менен
Жалгыз өтөт
Ренесми менен

"Ашыктык асманында" тасмасында Баби эмне үчүн Ачинин бетине бокалдагы ичимдикти чачып жиберет?

Ачи достору менен Бабинин курбусу уюштурган кечеге күтүүсүз кирип келишип, кечени бузуп, андан соң Бабини түрү суук деп атаганы үчүн Баби анын бетине бокалдагы ичимдикти чачып жиберет. Ачи болсо бул жоругу үчүн Бабини көтөрүп барып бассейнге таштап жиберет.

Кийинки суроо


Ачи аны түрү суук деп айтканы үчүн
Баби кызып калгандыгы үчүн
Ачиге тийишкиси келип

"Луиза Кларк өз жумушун жакшы көргөн шайыр кыз. Ал аялдамадан үйүнө чейин канча кадам экенин жакшы билет..." Сөз кайсы тасма тууралуу болуп жатат?

Бул "Сени менен жолукканга чейин" тасмасы. Баш каарман Луиза Кларк кафедеги жумушунан кур жалак калып, өзүн жана үй-бүлөсүн камсыздоо үчүн жумуш издеп жүрүп, автокырсыктан кийин майып болуп калган байдын уулун кароого жумушка орношот. Мына ушундан баштап анын жашоосу түп-тамырынан бери өзгөрөт.

Кийинки суроо


"Сени менен жолукканга чейин"
"Сени сүйгөн адамдан акыркы кат"
"Сен таштап кеткен бийкеч"

"Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы Нихан менен Кемал биринчи жолу кайсыл жерден жолугушкан?

Бир гана Түркияны эле эмес, Кыргыз өлкөсүн да түрк сериалы менен ооруткан "Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы Нихан менен Кемал эң алгач автобустан жолугушкан.

Кийинки суроо


Автобустан
Сүрөт көргөзмөсүнөн
Ата-энеси тааныштырган

"Жылдыздар күнөөлүү" тасмасындагы баш каармандар Хейзел менен Огастустун сүйүү баяны эмне менен аяктайт?

Белгилүү жазуучу Жон Гриндин калемине таандык "Жылдыздар күнөөлүү" чыгармасынын негизинде тартылган тасмадагы баш каарман Огастус узакка созулган дарттан улам каза болот. Ал эми Хейзел рак илдетине карабастан, сүйүктүүсүнөн боюна бүткөн баланы жарык дүйнөгө алып келип, ага Огастус деген ысым ыйгарат.

Кийинки суроо


Экөө үйлөнүп, бактылуу өмүр сүрүшөт
Огастус айыккыс дарттан улам каза болот, ал эми Хейзел андан боюна бүткөн баласын жарык дүйнөгө алып келет
Хейзел башка жигитке турмушка чыгат

"Укмуштуудай бай азиялыктар" тасмасындагы баш каарман Ник Янг кайсы өлкөдөн болот?

Ник Янг Сингапурдагы эң бай үй-бүлөлөрдүн уулу болот. Сүйлөшкөн кызы Рейчел Чу жигитинин бай экенин анын мекенине болгон сапарында гана билгени баяндалат.

Кийинки суроо


Япония
Сингапур
Түштүк Корея

АКШга келип оор кырдаалга кабылганына карабай, ийгиликке жетип, сүйүүсүн да тапкан кыргыз жигити тууралуу кайсы тасмада баяндалат?

"Салам, Нью-Йорк" тасмасында Баатыр аттуу жигит Нью-Йоркто окуйм деп келип, башынан оор күндөрдү кечирет. Өжөрлүгү жана эмгекчилдиги менен жогорку окуу жайды аяктап, ишке орношуп жана сүйүктүүсү Эриканы да жолуктурат.

Кийинки суроо


"Кечээ. Бүгүн. Эртең"
"Апамды издеп"
"Салам, Нью-Йорк"

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(21)
14.02.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
40 балл
14.02.2020. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
80)
14.02.2020. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
56
14.02.2020. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
85 балл
14.02.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
70 балл
14.02.2020. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
60
14.02.2020. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
55 Жакшы романтиканы сыйлаган адам экенсиз дейтко.
14.02.2020. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
13 туура, 7 туура эмес, 65 балл болдум
14.02.2020. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Туура 15 ..туура эмес 5...75 балл нормалёк элеее
15.02.2020. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
85
15.02.2020. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
50
15.02.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
85 дейт го ..кээ бир кинолорду омуру корбосом дагы :)
15.02.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Минусту баскандар силерди мушташка чакырам))))
15.02.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ТЕСТ: СҮРДӨТКӨН, СҮЙЛӨТКӨН, ЫЙЛАТКАН, СЫЗДАТКАН... СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ ТАСМАЛАРДЫН КҮЙӨРМАНЫСЫЗБЫ?.. Сиздин упайыңыз 95 ТУУРА ЖООП: 19 КАТА ЖООП: 1 ЖАЛПЫ: 20 СУРОО Чыныгы киноман экенсиз! Сүйүү тасмаларынын бирин калтырбай көргөн күйөрман турбайсызбы...
https://www.super.kg/sonku_kabar/news/294957/
15.02.2020. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
60. Чыны Махабат дастаны тасмасынан башкасын көргөн эмесмин. Өллө жаман көрөм ушул сүйүү тасмаларын. Окшоштуруп эле басып койгом.
15.02.2020. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
65
15.02.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнеге минус баса беришет? Же илгээртен бери салт болуп калганбы?
15.02.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
65
15.02.2020. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
10туура 10ката 50упай алдым
15.02.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
90упай 18 туура 2 ката
17.02.2020. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: