super.kg logo

ИИМ Садыр Жапаровдун бир тууганы эл аралык издөөгө берилгенин билдирди

 

Саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө берилген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын билдиришти.

"2010-жылы 13-апрелде Башкы прокуратурага Б.Б. аттуу жаран жана башка жарандар Инвестбанк "Ысык-Көл" ААКсын экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев башында турган бир нече адамдар тобу рейдерлик менен басып алганын айтып арыз менен кайрылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 183-беренеси (легалдаштыруу, арам акчаны адалдоо) менен иш козголуп, анда Максим Бакиев достору Алексей Ким, Михаил Надель (учурда эл аралык издөөдө) жана башкалардын жардамы менен Инвестбанк "Ысык-Көл" банкынын акциясынын ээлеринин бири Н.Т. аттуу жаранга кысым көрсөтүп, 2007-жылы 30-майда банктын акциясын сатууга мажбурлашканы аныкталган. Андан кийин Бакиев банктын мурунку кызматкери Райкүл Жапарованын жардамы менен банкты басып алган. 2007-жылы 10-августта директорлордун жаңы кеңеши дайындалып, Инвестбанктын башкаруусунун жетекчиси Райкүл Жапарова болгон.

Иликтөө жыйынтыкталган соң аталган кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2014-жылы 22-октябрда райондук сот тарабынан Жапарова 30, 183-беренелер (кылмышка шериктеш, легалдаштыруу, арам акчаны адалдоо) менен 7 жылга кесилген. 2015-жылы 3-апрелде Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен 221-берене (коммерциялык жана башка уюм кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу), 166-берене (алдамчылык) боюнча жаңы айыптар тагылган. Жалпы жонунан Жапарова 10 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, 3 жыл бою банк жаатында ишмердүүлүк жүргүзбөө чечими чыккан.

1966-жылы туулган Жапарова учурда эл аралык издөөгө берилген. Анын кайда экендигин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
12.02.2020. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан...
12.02.2020. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Макс кобун олтуруп мамлекетти тоноп кетти атасы ошонун айынан кетти
12.02.2020. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров деген Бакиевдин шакалдары кезинде болушунча көөп мамлекетти тоноп жерлерди сатып кыскасы жыргап жүрүштү.
12.02.2020. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
мамлекетти талап тоногондор ким экенине карабай жоопко тартылышы керек
12.02.2020. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эми Садырдын тууганы экен деп жон эле койгонго болобу? конечно, издоо салыш керек, жоопко тартылсын
12.02.2020. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бийликте жүргөндөр баары эле байлыкты өзүнө эмес бир тууган жакындарына кататтат. Бакиевдин жардамчысы болуп иштеген, президент аппаратынын башчысы болгон Жапаров.
Absamat-90 түзөттү 2020-02-12 10:10:37
12.02.2020. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жапаровду каралоонун эч нерсесин таппай акыры ушуну чукулап чыгышкан турбайбы
12.02.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Акрам Мадумаров Жеништен хуже. Галстук менен мугалимди кемсинткен акмак чек араны кантип чечсин? Айбалаев келсе болбойт беле? Аны предлагать эткен окмот да, одобрять эткен ЖК да ага кол койгон Президент да эл душманы экенсинер баарын акмактар!
12.02.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акрам Мадумаров эптей албайт жана жарытылуу иш кылбайт. Чек ара маселелерине Курсан Асановдун гана эрки жетет, калгандары баары кун карамалар. Асановго жок жерден кылмыш иштерин козгой бербей чек арага койсо болмок. Иштей турган адамдарды куугунтуктап, иштебеген кок мээлерге кызмат берип келесоолук кылып, мамлекетти артка тартып бутушту. Тиги жакта талкуу жабык учун бул жакка жазууга туура келди. Туура тушунгуло.
12.02.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Просто сөз жок экен азыркы өкмөт менен чимкириктерге...
12.02.2020. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы башталды концерт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: