super.kg logo

Орусияда сойкуларга келген 2 адам аларды тоноп кетти

 

Орусиянын Тюмень облусунда сойкуларга кол салып, аларды тоноп кеткенге шектүүлөр кармалганын жергиликтүү басылмалар жазууда. Укук коргоо органдарынын маалыматына таянып жазылгандай, 2 кыз сексуалдык кызмат көрсөтүп жүрүшкөн, кардарлар аларды интернет аркылуу таап турушкан. Бул жолу сойкулук менен алектенген эки кызга интернет аркылуу байланышып, дарегин сурап келгендер батирге кирери менен алардын беттерине көздү ачыштыруучу газ чачышкан.

"Андан кийин 2 эркек киши кыздардын чачтарынан кармап алып баалуу буюмдарын жана акчасын беришин талап кылышкан. Алар экөөнүн ар бири 50 миң рублдан турган 2 телефонун алып кетишкен. Бул кылмышка шектелип, 22 жана 24 жаштагы 2 киши кармалды. Полиция алдын ала пландап карактаган деп бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Алар 10 жылдан эркинен ажырашы мүмкүн", - деп жазылат анда.

Маалыматта жабыркаган 2 кызга да "Сойкулук кылуу" боюнча административдик протокол толтурулгандыгы кошумчаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: