Депутат Бекешев Акрам Мадумаровго: "Эми министрлерди галстук үчүн урушасызбы?"
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралууда. Анда депутат Дастан Бекешев Акрам Мадумаровго галстук боюнча мугалимдерди сындаганын эскертти.
"Мугалимдерди галстук тагынбаганы үчүн уруштуңуз эле. Эми ар бир министрди галстук үчүн урушасызбы?" - дейт Бекешев.
Акрам Мадумаров: "Мен Баткен облусунун жетекчиси катары ошол окуу жайга барып, окутуучуларга сын-пикир айткам. Мен өзүм мугалим болуп иштегем. Мугалимдерди урматтайм. Ал жерде мугалимдерге, окуучуларга шарт түзүп берүү биринчи максат болчу", - дейт Мадумаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

