super.kg logo

Германияда жүк ташуучулар пианист аялдын 194 миң долларлык фортепианосун сындырып алышкан

 

Германияда жүк ташуучулар канадалык пианисттин дүйнөдөгү жалгыз 4 педалдуу (бут менен баскыч рычаг) 194 миң долларлык фортепианосун сындырып алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү пианист Анжела Хьюитт Берлинде Бетховендин чыгармаларынын жаңы вариациясын жаздырып жүргөн чакта кымбат баалуу фортепианосунан кол жууду.

"Менин Берлинде жаздырган музыкам көңүлдөгүдөй чыгып, продюсерим менен бактылуу болуп отурсак жүк ташуучулар кымбат баалуу фортепианомду кулатып алышканын айтышты", - деп Хьюитт социалдык баракчасына жазып чыккан.

Эске салсак, Анжела 2003-жылдан бери Лондондо жашап, концерттик программаларын аталган инструментте гана ойноп келген. F278 Fazioli үлгүсүндөгү фортепиано дүйнөдөгү жалгыз 4 педалдуу концерттик инструмент деп эсептелинип, 194 миң долларга бааланган. Fazioli компаниясы колго жасалган инструменттин абалын текшерип чыгып, кайра оңдоп чыгууга жарабай калганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.02.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам олуп калып атпайбы,пианино эмес.
12.02.2020. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге мен аягына чейин түшүнбөдүм Супер Инфо ? Ошондо төлөп беришеби, жэ түшүнүү менен кабыл алыштыбы атайлабады дегендей .Ошол мааниси эмнеге жок .Анын толук маалыматы жок болсо Супер инфо бетине эмнеге жазып
чыгарасыңар ????
Agayu түзөттү 2020-02-12 18:57:40
12.02.2020. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Agayu,аларда страховкасы бар,бирок бир тетиги жаны салынса баасы тушуп винтажный болбой калат.
12.02.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга жөнөт кыргыздар оңдоп берет жип,зым, байлап эле оңдоп коёбуз
erkinali858585 түзөттү 2020-02-12 19:21:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: