super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө пункту жабылат (видео)

 

20-февралдан баштап Кыргыз-Казак чек арасындагы “Ак-Жол - унаа жолу” өткөрмө пункту жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

"Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу “Ак-Жол – унаа жолу” жана “Кордай - унаа жолу” көзөмөл өткөрмө пункттарынан унаалар жана жүктөр өткөрүлбөй турат. Өткөрүү жайынан жарандар мамлекеттик чек араны жөө кесип өтүшсө болот, бирок коммерциялык максатта чоң жүктөрдү жана көлөмдүү колго алып жүрүүчү баштык алып өтө алышпайт. Ошол эле убакта өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп турат. “Ак-Жол - унаа жолу” өткөрүү жайы жергиликтүү убакыт боюнча саат 06.00дөн 24.00гө чейин иштейт", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн:

  • Чүй облусунун Казакстан менен чектеш аймагында төмөнкү өткөрүү жайлары иш алып барат: “Ак-Тилек - унаа жолу”, “Токмок - унаа жолу”, “Кең-Булуң - унаа жолу”, “Чалдыбар - унаа жолу” жана “Кайыңды - темир жолу”.
  • “Ак-Тилек - унаа жолу” көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан.
  • “Токмок - унаа жолу” эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Ю.Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.
  • “Кең-Булун - унаа жолу” эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булун айылына жакын жерде жайгашкан.
  • “Кайыңды - темир жолу” көп тараптуу өткөрүү жайы темир жол транспорту менен

бара жаткан жарандарды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан.

  • “Чалдыбар - унаа жолу” көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.
  • Бардык өткөрүү жайлар күнү-түнү иш алып барышат.
  • Үч өткөрүү жайында - "Ак-Жол - унаа жолу", "Ак-Тилек - унаа жолу" жана "Чалдыбар - унаа жолунда" чет өлкөнүн жарандары жана атуулдугу жок адамдар - жарактуу "Кыргыз Республикасынын электрондук визасынын" ээлери өткөрүлөт.

.






Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайлары убактылуу жабылат

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.02.2020. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөө адамдар өтүп турса болот экенда. Машинесин чек арага чейин минип келип андан ары коңшу өлкөнүн таксилери менен кетсе.
13.02.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaznura,жакшы пикир
13.02.2020. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал каякта эле Ак Жол
14.02.2020. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyoo_bala,туптуз кете бересин, ошол жакта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: