super.kg logo

“Гемодиализ алган жарандардын укугу корголбой жатат”. Бейтаптар министрликке нааразы (видео)

 

Чынара Шамуратова ар дайым башка адамдын кароосуна жана камкордугуна муктаж. Ал 12 жылдан бери гемодиализ алып келет. Үч жыл мурун шыйрагынын астына шишик пайда болуп, Таластагы дарыгерлер Бишкектеги онкология борборуна жиберишкен. Дарыгерлер бейтапты текшерип, калкан бездеринин шишип кетиши деп аныктама коюшкан. Бейтапка гемодиализ процедуралары стандарттуу түрдө таза диализден жумасына эң аз үч жолу 4 сааттан жасалышы керек. Дарттын кесепетинен бейтаптын дене бөлүктөрүндө шишиктер пайда болуп, аны кыйнап келет. Мындай шишиктер Чынара Шамуратованын бир эле колунда эмес, эки бутунда жана кабыргасынын беш алты жеринде бар.

"Бул өтө коркунучтуу дарт экен. Баспай калат экенсиң, сөөктөр жумшарып, чирип бара жатыптыр. Үч жылдан бери дарыланып келе жатам. Дарылануу да кымбатка турат жана дарылар биздин өлкөдө сатылбайт. Дарыгерлер дарыларды башка өлкөдөн алдырууну тапшырышкан, бирок аны тынымсыз алып ичүүгө шарт болбойт. Жүрө берип шишиктер колдорума, денемдин башка бөлүктөрүнө чыга баштады. Онкология борборунан колуңду кесебиз деп даярдап жатышкан, бирок дарылануу керек болуп токтоп калышты. Дарылануудан жыйынтык чыкпаса операция жасоо талап кылынат, ал дагы абдан кымбат чет өлкөдө жасалчу операция", - дейт оорусу тууралуу Чынара Шамуратова

Өзү айтып өткөндөй бейтап учурда дарыланып жатат. Эгер дарылануусунан жыйынтык болбосо, ал операция жасатууга муктаж. Чынара Шамуратовага окшоп гемодиализ алып, жашоо менен күрөшүп келген адамдардын саны арбын. Мындан улам алар өздөрүнө тиешелүү негизги укуктардын корголбой жатканына байланыштуу 12-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына чогулушту. Айтымдарында, 2017-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен "Фрезениус" компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн.

"2017-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен "Фрезениус" компаниясынын ортосунда чоң долбоор түзүлгөн. Бирок ал ийгиликсиз болуп калды. Анткени долбоор түзүлүп, келишим түзүлүп жатканда биздин бейтаптардын өкүлдөрү катышкан эмес", - деди "Гемодиализ оорулууларынын бирикмеси" уюмунун өкүлү Санабар Матанова.

Биздин ушул көйгөйлөрдү чечип бериңиздер деген бейтаптарды бир топ убакыттан кийин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кабыл алды.

Айтылгандардан сырткары алар аймактардагы бейтаптардын абалы, ал жактагы тейлөөлөргө токтолуп, көйгөйлөрүн айтышты. Бул айтылгандарга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев төмөнкүдөй жооп берди. Айтымында, ал келишимдеги юридикалык нормаларды карап чыгат.

ГЕМОДИАЛИЗ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Гемодиализ организмден ашыкча сууну чыгаруу жана канды тазалоо менен бирге, бөйрөк иштебей калган учурда жана анын көптөгөн функциялары жокко учураганда бейтаптын жашоосун узартууга багытталган ордун толуктоочу бөйрөк терапиясынын бир ыкмасы. Бул “Жасалма бөйрөк” аппаратынын жардамы менен дайыма топтолгон токсиндерден, өз ткандарынын жашоо ишмердүүлүк продукттарынын жана тамак-аш азыктарынын ажыроосун, канды тазалоо аркылуу ишке ашырган процедура.






“Гемодиализ алган жарандардын укугу корголбой жатат”. Бейтаптар министрликке нааразы

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.02.2020. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин атам дагы гемодиализ Алат,биздин соцфонд кандай жардам бар экенин такыр жарыялабайт,биз бироолордон комур же Бир тоннанын акчасын берет экен дегенин угуп калып барсак чын эле берилиши кк экен аныда чуркап журуп 3мин сом алдык,комурдун баасы эн арзаны 4мин.Ушул сыяктуу жардамдар бар бирок карапайым Эл билбейт экенбиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: