Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү түнкү саат 2:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Икизяк, Эркештам айылдарында 3 балл, Көк-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.