Мындан 166 жыл мурун кыргыз-казак кагылышында курман болгондор эскерилет
Бүгүн, 22-августта 166 жыл мурун кыргыз-казак кагылышында курман болгондорду эскерүү болорун маалымат жыйында публицист Теңиз Төлөмүшев айтты. Айтымында, 1750-жылдан баштап кыргыздар менен казактар жуңгар жерлерин талашып салгылашкан. 1847-жылы 22-августта акыркы салгылашуу болуп, эки тарап тынчтык келишимин түзгөн. “Бүгүн биз салгылашуу өткөн жерлерге барып, куран окутуп, маркумдарды эскеребиз. Ал жер Токмок шаарынан Шамшы тоосуна чейинки аймак”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

