20.02.2020: Көзгө көрүнүктүү дата. Бүгүн Бишкекте 45 түгөй никесин каттатты
20.02.2020 же 20-февраль көпчүлүк үчүн баш кошууга себеп болгон дата болду. Мындай көзгө көрүнүктүү датада үй-бүлө аталып, нике күбөлүгүн алгандардын саны өстү. Бүгүн, 20-февралда Бишкектеги Бакыт үйүндө 45 жуп нике күбөлүгүн алышты. Мындай маалыматты Мамкаттоонун басма сөз катчысы билдирди.
"Азыркы убакытка алынган маалыматка ылайык, бүгүн 45 жуп Бакыт үйүнөн нике күбөлүгүн алышты. Иш күндөрү шаар боюнча 10го жакын түгөйлөр никесин каттатса, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү 20га жакын жуп нике күбөлүгүн алышат.
20-февралда республика боюнча жалпысынан канча түгөй никесин каттатканы тууралуу расмий маалымат эртең берилет", - деди мекеменин маалымат катчысы.
Ал эми коңшу Казакстанда бүгүн баш кошкондор бум жаратты. Тагыраагы, аталган мамлекетте 834 түгөй расмий түрдө үй-бүлө аталышты.
Буга чейин 2-февраль бир кылымда бир келчү күн деп аталып, дүйнөнүн булуң-бурчундагы жуптар баш кошуп, үй-бүлө аталышкан. Кыргыз өлкөсүндө 37 жуп 02.02.2020 деген сан басылган күбөлүктүн ээси болушкан.
20-февралда өлкө боюнча 301 түгөй нике күбөлүгүн алышты



1 |