super.kg logo

Түштүк Кореяда коронавируска 763 адам кабылганы айтылууда

 

Түштүк Кореяда акыркы суткада коронавируска 161 жергиликтүү жашоочулар кабылышкан. Өлкө боюнча жалпы 763 адам кабылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Дүйнөнүн ар тарабына жайылып жаткан коркунучтуу вирустун кесепетинен Түштүк Кореяда 7 адам каза болгон. Азыркы учурда бул аймак коронавирустун үчүнчү очогуна айланып олтурат. Мындан улам күн санап жайылып жаткан вирустан жабыркагандардын саны Түштүк Кореяда 763 адамды түздү. Алардын ичинен 142 адам Тэгу шаарында катталган.

Түштүк Кореянын бийлиги коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кетүүсүн Синчонжи деп аталган диний уюмдун мүчөлөрүнө байланыштырууда.

Коронавирус оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыга баштаган. Анда Ухан шаарында белгисиз өпкө оорусу жайыла баштаганы айтылган. Вирус адамдарга базарда сатылган деңиз азыктары жана жыландар аркылуу жуккан деген версиялар айтылып келет. Дарыгерлер оорунун вирусу адамдан адамга жугат деп расмий билдиргенден тартып, дүйнө жүзү боюнча бул коркунучтуу вируска каршы ар кандай алдын ала иш-чаралар жасала баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.02.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туштук кореядагы миграттарды вопще олкого киргизбей коюу керек анткени алардын копчулугу озбектер за то кутулабыз
24.02.2020. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстанда Досторум братандарым анаң кетиштиле 4000-5000$ акча коротуп
Эми эмне баарын топтоп жыйнап келетбекен. Китайдан студенттерди алып келгендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: