Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш Биринчи Май райондук сотунда каралат

2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча иш Биринчи Май райондук сотуна келип түштү. Маалыматты аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, 14 адамга анын ичинде мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге айып тагылганы айтылат.
"Бүгүн, 26-февралда Кой-Таш окуясы боюнча 14 адамдын иши бизге келип түштү. Эми сот аны үч күндүн ичинде кабыл алат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Буга чейин, 25-февралда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинен өтүп жаткандарга айып актыларын тапшырганын жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекиткенин КСДП мүчөсү Кундуз Жолдубаева айтып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Ernestinio

26.02.2020. 19:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
куноолуулор жазасын ала турган кун келди.
Absamat-90

26.02.2020. 19:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булар катуу көптү эле, эч кимди көзгө илбей.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.