super.kg logo

Чүй ОИИББи: "45 жаштагы жарандын үйүнөн тыюу салынган диний уюмдарга тиешелүү материалдар алынды"

 

Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан 45 жаштагы жарандын үйүнөн тыюу салынган диний уюмдарга тиешелүү материалдар алынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери январь айынын аягында тыюу салынган экстремисттик маанидеги китептерди жана ок атуучу курал-жарак сакталгандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынган.

"Бул маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан Пригородный айылындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүп, китептер, баракчалар тыюу салынган диний уюмдун пикири жазылган брошюралар жана «Хизб-ут-Тахрир» деген жазуусу бар желек, Юнкер үлгүсүндөгү автомат, Леворвер РС-3 үлгүсүндөгү тапанча жана 9 даана бычак алынган. Үйдүн жашоочусу 45 жаштагы И.Р. мурда соттолгондугу такталган. Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда кармалган 45 жаштагы И.Р. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: