super.kg logo

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 2-октябрында Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда чала тааныш болгон А. аттуу жаран анын ишенимине кирип, Хонда Одиссей унаасын алып, аны сатып жибергени жазылган.

Бул факты "алдамчылык" менен катталып, 2018-жылдын 9-ноябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1989-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалган. Ал эми 10-ноябрда Октябрь райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, ал үй камагына чыгарылган. Шектүү ошол эле жылдын 10-декабрында үй камагында жатып, тартип бузгандыктан, ал кайра СИЗО-1ге камакка алынган.

Териштирүү иштеринде милиция кызматкерлери 2019-жылдын 12-июлунда кайра шектүү Ш.А.ны кармаган. Ал эми сот аны өлкөдөн чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарган. 7-октябрда Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, СИЗО-1ге камакка киргизген.

2020-жылдын 25-февралында оперативдүү иштердин негизинде шаардык милициянын кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү шектүү Ш.А.ны кармаган. Ал тергөө бөлүмүнө алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот анын баш коргоо чарасын карап чыгып, аны СИЗО-1ге киргизген. Учурда милиция кызматкерлери аймактагы башка кылмышка шектүүлөрдүн кармоо иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: