Оорулуу баласын баккан эне: “Уулум түтүк менен тамактанып, дем алып жатат”

Айпери Мусаева күнү-түнү оорулуу баласын караган эне. Ал эми кичинекей Акимге 1 жаш 7 ай болду. Улам бир өнөрү чыгып, чуркап ойноп, “ата-апа” деп сүйлөп жакындарын кубандыра турган мезгилде Аким тилекке каршы минтип төшөктө жатат.
Аны “керемет” деп атаган ата-энеси балага тапкан-ташыганын жумшап, кам көрүп келишет. Наристе бүгүнкү күндө кекиртеги аркылуу тамактанып, түтүктөрдүн жардамы менен дем алат. Ага ата-энеси ар 3 саат сайын түтүк аркылуу тамак берип, ар 4-5 мүнөт сайын какырыгын тазалап турушат.
Жаш эне “Уулум төрөлгөндөн эки айдан кийин дене табы көтөрүлгөнүнөн ооруканага кайрылганбыз. Дарыгерлер баланы сасык тумоолоп калды деп, туура эмес дарылай беришкен. Балким убагында тиешелүү чара көрүлсө, мындай күндү көрбөйт белек. 2018-жылдын август айынан бери ооруканалап жүрүп уулум комага да түштү, реанимацияда да жатты. Ал арада дарыгерлер “баланын жашоого шансы дээрлик жок” деп да айтышты. Бирок биз, атасы экөөбүз үмүтүбүздү үзбөй, Акимди бутка тургузуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшай беребиз. Балабызга энцефалопатиянын оор түрү деген диагноз коюлган. Кыргыз өлкөсүндө мындай ооруну айыктыруу үчүн шарт да, адистер да жок экен. Ошондуктан, чет өлкөдөн ушундай диагноз менен жабыркаган бейтаптар менен иш жүргүзгөн ооруканаларды издеп, Германия, Испания жана Греция өлкөлөрүнөн таптык. Жакында эле Германиянын эки клиникасынан “кабыл алабыз, келгиле” деген жооп келди. Аларда эки ай дарыланып, ар бир күнгө 950 евро төлөшүбүз керек экен. Андан тышкары, жол акысы, коштоп барган адамдын чыгымдары биригип баш-аягы 80-90 миң евро керек болууда. Бирок каражаттын тартыштыгынан бара албай турабыз”, - дейт.
Кичинекей Акимге жардам берүүнү каалагандар 0555 23 68 18 (ЭЛСОМ) номери аркылуу байланышса болот.
Банктык эсеп: 9417 3000 0033 6976 (ЭлКарт) Мусаев Сыргак Медерович.
Тагдыр. “Уулум түтүк менен дем алып, тамактанат”
