super.kg logo

Япониядагы круиздик лайнерде коронавирус жуктуруп алган Кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды

 

Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алган Кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды. Ал кайрадан медициналык тест тапшырганда коронавирустун белгилери жок деп чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.

"Тышкы иштер министрлиги мекендешибиз Япониядагы ооруканадан чыгарылганын, учурда ал Токио шаарында экенин кабарлады" деп айтылат маалыматта.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз жараны 1-мартта ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылган.

"Кыргыз жаранына Япониядагы госпиталдан медициналык сертификат берилген. Анда коронавирус аныкталбаган деген маалыматты тастыктаган маалымат көрсөтүлгөн. Мекендешибизди өлкөгө алып келүү чечими каралса, анда ал Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин 14 күнгө карантинге алынат", - деп билдиришти министрликтен.

18-февралда Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргыз жараны бар экендигин чет өлкөлүк басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыккан эле. Бул маалымат ачыкталган соң, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги кемеде бир Кыргыз жараны бар экенин ырастап, аны менен 6-февралдан бери байланышта болуп жатканын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов круиздик лайнердеги Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын жыйында айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
02.03.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жаңылык
02.03.2020. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы. Жуктурбай эле койсун
02.03.2020. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы экен, бирок келбей эле турсунчу
03.03.2020. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул абалга япондор кытайлардай иш алып бара албай жатышат, кытайда 4 жолу отрицательный болуп акырында положительный болуп жатат, ошондуктан бул кыз дагы 3-4 жолу повоторный тест бериш керек, аны КГ га алып келбеш керек. бил вирус мн иштеш ото кыйын болуп жатат, кытайда 4 жолу тест берип анан бар же жок деп диагноз коюп жатышат, медиктерге инфо
03.03.2020. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инкубациялык мезгили 28кун экен.Анда кантип вирус жок деп япондор эрте тыянак чыгарып коюшту???Ашып барса 10кун болду го ооруканага тушконуно.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: