"Атайын тартылган сүрөт эмес". Митинг учурунда китеп окуп талкууга алынган сүрөттөгү адам билдирүү жарыялады
"Ала-Тоо" аянтындагы митинг учурунда жайбаракат китеп окуп отурган жарандын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Колдонуучулар аны "Күндүн сүрөтү" деп атап алышкан. Сүрөттүн арткы фонунда күч түзүмдөрү борбордук аянтты көздөй баратканын көрүүгө болот. Ал эми тротуар жакта колунда китеби бар адам тартылып калган.
Аталган сүрөттү айрым колдонуучулар атайын тартылган деп баалашкан. Кийинчерээк сүрөтү тарап кеткен адам социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды. Айтымында, сүрөт атайын тартылган эмес. Ал китеп ("Солярис" романын) окуп отурганда байкатпай тартып алышкан. "Менин артымда укук коргоо кызматкерлери курчоодо гана турушкан. Эч ким урушкан эмес", - деп жазат ал.
2-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги болуп өткөн. Cаат 19:00дөн тартып митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналар, көздөн жаш чыгаруучу каражаттар колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышты.
Митинг учурунда китеп окуп талкууга алынган сүрөттөгү адам билдирүү жарыялады














1 |