Бишкекте 66 жаштагы айдоочу рулга ээ боло албай унааларды, даракты сүзүп каза болду
Бишкекте айдоочу түн ичинде рулга ээ боло албай унааларды жана даракты сүзүп, алган жаракатынан улам көз жумду. Кырсык 4-мартта болжол менен саат 04:10 чамасында Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө орун алды. Маалыматты патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирди.
"Лексус LX-470 үлгүсүндөгү унаа 1953-жылы туулган С.А. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Айдоочу Жоомарт Бөкөнбаев көчөсү менен күн батыш тарапка бара жатканда унааны башкара албай №182 үйдүн тушунда токтоп турган 3 автоунааны (Тойота Ленд Крузер, Хонда Степвагон жана Ауди) андан кийин даракты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен Лексус LX-470 унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган. Учурда жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aerforce

04.03.2020. 11:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сакта эмне бугун тан атпай авария коп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.