super.kg logo

«Фрунзе» – Кыргыз футбол союзунун расмий гипермаркети

 

28-февралда Кыргыз футбол союзу менен «Фрунзе» гипермаркетинин демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу өттү. Анда Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана «Фрунзе» гипермаркетинин башкы директору Бакытбек Аматов келишимге кол коюшту.

Канатбек Маматов «Фрунзе» гипермаркети менен иштешүү бир канча жылдардан бери болуп келе жатканын жана кызматташуу эки тарапка тең жемиштүү болуп жатканын белгиледи. «Сиздердин компания бүгүнкү күндө ийгиликтүү жана өлкөнүн ар кайсы аймагында тармактарын өнүктүрүп жатат. «Фрунзе» гипермаркети менен келишимге кол койгонубузга кубанып турабыз. Сиздер кыргыз футболун колдоп, муну менен чоң жеңиштерге жетүүгө жана жаш футболчуларды өстүрүүгө көмөк көрсөтүп жатасыздар», - деди ал.

«Фрунзе» гипермаркети кыргыз футболун активдүү колдоп, Кыргызстан курама командасына ар дайым күйөрмандык кылып келет. Жыл сайын өзүбүздүн компаниябызда ички чемпионаттарды уюштуруп келебиз. Бул өзүбүздүн футболду жайылтууга болгон салымыбыз деп эсептейм. Кыргыз футбол союзу менен кызматташуу биз үчүн кубанычтуу», - деди Бакытбек Аматов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: