Бишкектин 5-кичи районундагы үрөй учурган окуя. Бычактан жабыркаган 9 жашар баланын абалы туруктуу деп бааланууда
Бишкек шаарындагы 5-кичи районунда үрөй учурган окуядан жабыркаган 9 жаштагы баланын абалы турукташып калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Учурда бала эсине келип, өзү дем алып калды. Ошондой эле ал кичинеден суюктук ичип жатат. Абалы туруктуу деп бааланууда", - деп билдиришти министрликтен.
6-мартта 5-кичи районунда үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялына жана баласына бычак сайып, андан соң өзү асынып алган. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу көп кабаттуу үйлөрдүн ичинен аялдын жансыз денесин жана ваннадан эркек кишинин асынып алган абалдагы жансыз денесин табышкан. Ал эми 2010-жылы туулган баланы оор абалда "Тез жардам" кызматы №3 балдар ооруканасына жеткиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
sirenaaaaa

07.03.2020. 12:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии Кудай ай, эмне болуп баратабыз. Кандай гана мыкаачы эркектер тарбиялып жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.