super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Италия чемпиондугу токтотулду

 

Футбол боюнча Италия чемпиондугунун Жогорку Лигасы (А Сериясы) коронавирус өлкөдө күч алып жаткандыгына байланыштуу 3-апрелге чейин токтотулду. Мындай чечимди аталган өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте кабыл алганын чет элдик маалымат булактары жазууда.

"Бизде убакыт жок, коронавирус оорусу менен ооругандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Мен бир сүйлөм менен айтканда "Үйдө болгум келет" деген жарлыкка кол коём. А Сериясы (ред. Италия чемпиондугу) жана бардык турнирлер токтотулат. Күйөрмандар туура түшүнөт деген ойдомун", - деп билдирген премьер-министр маалымат жыйынында.

Маалыматка ылайык Италия чемпиондугунда "Ювентус" командасы 63 упайы менен турнирдик жадыбалдын сап башында болсо, 62 упайы менен "Лацио" командасы экинчи орунда жана "Интер" командасы 54 упайы менен үчүнчү орунда жайгашкан.

Акыркы маалыматтар боюнча Италия коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн ичинен Кытайдан (80 миң 754) кийин экинчи орунда турат (9 миң 172). Бир сутка ичинде бул өлкөдө коронавирусту 1 797 адам жуктуруп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: