super.kg logo

Кытайда кулаган мейманканада каза болгондордун саны 20 кишиге жетти

 
"Xinjia Express" мейманканасынын урап калганга чейинки көрүнүшү

Кытайдын Фуцзянь провинциясында кулаган 7 кабаттуу мейманканадан каза болгон кишилердин саны 20га жетти. Кырсыктан 41 адам жабыркап, 10 киши урандылар алдында калып, изделип жатканы айтылууда.

Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары Кытайдын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Шан Юндун маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.

“Кулаган мейманканадагы урандылар алдынан куткаруу кызматкерлери 61 кишини алып чыгышты. Алардын ичинен 20 адам каза болгон. 41 киши ар кандай жаракаттарды алганынан улам бейтапканаларга жеткирилген. Уранды алдында калды деген 10 киши учурда дагы деле изделип жатат”, - деп билдирген Шан Юн журналисттерге маалымат берип жатып.

Куткаруу жана издөө иштери аталган жайда дагы деле уланып жатат.

Белгилей кетсек, Кытайдын Цюаньчжоу шаарында карантинге алынган жарандарды кармаган мейманкана ураган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мейманкананын биринчи кабатындагы соода маркетинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткан. Жумушчулар кырсык болордон бир нече убакыт мурда мейманкананын ээсине чалып, конструкциялардын биринде деформация пайда болгонун айтышкан. Учурда кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгонун аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын маалымат булактары жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: