super.kg logo

"Президент менен алакам бар". "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчисинен 1 миллион доллар пара сураган кылмышкерлердин тобу кармалды

 

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчисинен тендерди утуп алууга жардам беребиз деп 1 миллион доллар пара сураган деген шек менен 3 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 10-мартында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында 250 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда Кыргыз жарандары кармалган. Алар Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1960-жылы туулган тургуну С.у.Ж., Нарын облусунуну Жумгал районунун 1964-жылы туулган Ш.М. жана 1965-жылы туулган Н.Р. аттуу Чүй облусунун тургуну.

Алар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин биринен Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн 1 миллион доллар өлчөмүндө пара сурап, кийин 250 миң долларга түшүрүшкөн.

Ошондой эле С.у.Ж.га карата мурда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону аныкталды. Муну менен алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында С.у.Ж. Кыргыз Республикасынын президенти жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечип берүү убадасын берген. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары 38-берене (кылмышка даярдык көрүү) жана 204-берененин 3-бөлүмү (алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши жүрүп жатат"
, - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.03.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайра куч алдыго онбогурлар, не деген акча, значит эч эчкимден коркпойт.
11.03.2020. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кара Кулжалык башында турган го..
11.03.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмышкер тобу оозуна келгенди оттой берет президентти жаман аты кылышкан макоолор өз жазасын алат эми
chake түзөттү 2020-03-11 21:19:00
11.03.2020. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
логикага туура келген нерсени чыгарбайт белеңер президентин таанышы болсо УКМКа кантип кармайт
11.03.2020. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Деги тугонбой койдуго уюшкан топтун мучолору,же кармап эле кайра койберип коюшабы???
12.03.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коррупция менен күрөшүп жатканы кайсы, кайра кучогондон күчөп баратат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: