super.kg logo

"Германиядан келген жарандан коронавирус аныкталды" деген билдирүү тарады. Министрлик чет элдик жарандын диагнозу башка экенин айтты

 

"Кыргыз өлкөсүнүн аймагына коронавирус менен жабыркаган жарандар келип жатат" деген жалган маалыматтар дагы деле тарап жатат. Бул ирет мессенжерлер аркылуу "Өлкөгө келген германиялык коронавирус менен жабыркай турганы аныкталды, ал инфекциялык ооруканада" деген билдирүүлөр тарады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Германиянын жараны келгенин ырастап, "ал коронавирус менен жабыркабайт, анын диагнозу башка" деп билдирди. Ал эми республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери бейтаптын абалы жакшы экенин айтып, буларга токтолду.

"74 жаштагы Германиянын жараны 11-мартка караган түнү биздин ооруканага келип түштү. Алгач менчик клиникага кайрылган, ал жактан бизге жөнөтүшүптүр. Бейтаптын дене табы жогору болуп жаткан, учурда абалы канааттандырарлык, дене табы түшүп, тамак ичип калды. Коронавируска медициналык тест тапшырып, жыйынтыгында вирустун белгилери аныкталган жок. Анын диагнозу - эки тараптуу өпкө оорусу", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
12.03.2020. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне Киргизип атасынар
12.03.2020. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
74 жаштагы немис жараны ушул мезгилде кыргызыстанда п.к жеп жүрөбү
12.03.2020. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушул врачтар туура эмес диагноз коюп Кыргыз элди шорлотпогула! Биздин өлкөгө эмнеге кирип жатат булар? Акмактар билимсиздер тажаттынарго ким каалагандай кирип каалаганда врачка көрүнүп ушул кантип болсун! Кыргыз элимди кудай эле сактап турат!
12.03.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
74 жашта эмне бизге дарыланганы келиптирби,же тиги Арстан Алайды уккан бекен Кыргызстанда вирус болбойт дегенин ошого келиптирби,уйундо жатпайбы картайганда.
12.03.2020. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жашырып атышат бейм ушул акмактар кайра кайра эле. Кудайым кыргыз элин жамандыктан сактасын
12.03.2020. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 9у Кыргызстанга учуп келдим. Самалёттон чыгарбай туруп температурабызды мир метр ары туруп текшерди. Балким ошентип да текшерсе болоттур. Андан кийин паспорт козомолго чейин текшерди. Медиктер тагынган жонокой маска, кийген формалары алардын коопсуздугун сактай алаарына жеке мен ишенген жокмун. Эгер коронавирус менен ооруган бироо жарым аеропортго чейин кирсе вирус бат эле жайылат. Мен муну оз козум менен коруп жазып жатам. Тем более Москвадан эч ким текшерип туруп анан чыгарбады.
12.03.2020. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ишенээрибиз бир гана жараткан озу экенине ынандым. Жараткан колдоп оору сыркоодон алыс болсок экен.
13.03.2020. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооруну беруучу да алуучу да бир Аллах Таалам. Кудай озун сактай кор, деги дуйно эли да тынч болсо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: