super.kg logo
  Саясат  

Депутат Пирматов: "Өкмөттүн коронавируска каршы көрүп жаткан чаралары эффективдүү эмес"

 

Депутат Исхак Пирматов өкмөттүн коронавируска каршы көрүп жаткан чаралары эффективдүү эмес деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кечээ күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу абалды пандемия деп жарыялады. Бизде өкмөт коронавируска каршы чараларга мынча каржат бөлдүк деп жатат. Маалымат каражаттары коронавируска каршы кандай иш-чаралар болгонун жарыялап жатат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 100 адамдан ашык топтолгон жерлерге жана маданий иш-чараларга тыюу салынды. Бул жөн эле көргөзмө катарында тыюу салындыбы? Тойлор өтүп жатат, ал жакта, соода түйүндөрүндө 100дөн аз адам болуп жатабы? Өкмөттүн иш-аракеттерин түшүнбөй жатам. Өкмөт социалдык түйүндөрдөн маалымат алып, жыйынтык чыгарып жатабы? Башка жактан учуп келгендер кандай процедуралар болуп жатканын жазышууда. Бардыгыбыз окуп билип жатабыз. Кореядан, Кытайдан жарандар келип жатышат, аларды тепловизор менен гана текшерип коюушууда. Эмне себептен өкмөттүн тийиштүү вице-премьер-министри же өкмөт башчы расмий билдирүү жарыялабайт? Бүгүнкү көрүлүп жаткан чара эффективдүү эмес", - дейт Пирматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: