super.kg logo

Коронавирус чуусу: Казакстанда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына пландалган аскердик парад токтотулду

 

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев коронавирус чуусунан улам Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадды токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз катчысы Берик Уали Фейсбуктагы баракчасына жазган.

"Коронавирус оорусу коркунуч жаратып жаткандыгына байланыштуу Касым Жомарт Токаев Нооруз майрамын жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып борборубузда уюштурула турган аскердик парадды токтотуу чечимин кабыл алды", - деп жазган басма сөз кызматкери.

Маалыматка ылайык, 16-марттан баштап Казакстанда окуучулар коронавирус чуусунан улам убагынан эрте каникулга тарашат. Ал эми жогорку окуу жайлары 15-марттан баштап онлайн окутууга өтө тургандыгы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.03.2020. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кризис кризис, деп тревога кылгандын ордуна биздикилер да ашыкча чыгаша той-аш, парад, нооруз андай мындай чыгашаларды токтотушу керек. Аларга кеткен акчага буудай, май, нефть сатып алсын. Жазгы талаа иштерине жумшасын. Жениш болгон, оа баатырларыбызды унутпайбыз, но жыл сайын миллиондогон акчаны коротуштун кереги жокко дейм.
keku00 түзөттү 2020-03-12 22:25:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: