Францияда коронавируска байланыштуу бардык окуу жайлар жабылат
Францияда 16-марттан тарта бардык окуу жайлар жабылат. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Макрон бардык ишканаларды мүмкүнчүлүгүнө жараша кызматкерлерди үйдөн иштөөгө өткөрүүгө чакырды. Мамлекет коронавирустун айынан жумушсуз калгандарга кам көрүүнү өзүнө алат. Францияда коронавирустан 61 адам каза болгон. Алардын бардыгы улгайгандар.
Дүйнө жүзү боюнча статистикага ылайык, коронавирустан жалпысынан 128 миң 343 адам жабыркап жатса, каза болгондор 4 миң 720га жетти. Ал эми айыккандардын саны 68 миң 324 адамды түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:9
2025-07-07
14:01
2025-07-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.