super.kg logo
  Спорт  

Нью-Йорк шаарында спорттук иш-чаралар токтотулду. Нурмагомедов-Фергюсон беттеши 5-жолу жылдырылабы?

 

АКШнын Нью-Йорк шаарынын губернатору Эндрю Куомо аталган шаарга коронавирус чуусунан улам өзгөчө кырдаал жарыялады. "The New York Times" гезити шаардагы 500 кишиден көп болуп чогулган иш-чаралар токтотулганын жазып чыкты.

Мындай чечим менен Нью-Йорк шаарында өтчү UFC 249 турнири жылдырылышы же көрүүчүлөрсүз өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Хабиб Нурмагомедов менен 35 жаштагы Тони Фергюсондун беттеши UFC 249 турниринин алкагында 18-апрелде Нью-Йорк шаарындагы 19 миң көрүүчү бата турган "Барклайс-Центр" спорттук аренасында өткөрүү пландалган.

Буга чейин эки мушкердин беттеши 4 жолу уюштурулуп, ар кандай себептер менен өтпөй келген. Эки мушкердин уюштурулуп, бирок өтпөй калган беттештери:

1. 2015-жылы 11-декабрь: Хабиб Нурмагомедов машыгуу учурунда кабыргасын сындырып алган;

2. 2016-жылы 16-апрель: Тони Фергюсондун жеке ден соолугуна байланыштуу;

3. 2017-жылы 4-март: Таразага түшүү алдында Хабиб өзүн жаман сезип ооруканага жеткирилген;

4. 2018-жылы 7-апрель: Фергюсон машыгуу учурунда бутунан жаракат алып калган;






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.03.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу экоонун мушташы тойгозду,мурдагыларында да канча кутуп,саналуу кун калганда жылдырып
13.03.2020. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кебаб менен делдең
16.03.2020. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жирный терамису хабибти утат Тони.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: