super.kg logo

Министр: "Япониядан келген жаран жакшы шартта карантинде жатат"

 

Япониядан келген Кыргыз жаранынын учурда абалы туруктуу жана ден соолугу жакшы. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жыйын учурунда билдирди.

"Япониядан келген жарандын учурда абалы туруктуу жана ден соолугу жакшы. Анын бүт анализин карадык. Ал жаран Японияда кемеде 26-ноябрдан 15-февралга чейин болгон. 15-февралдан 28-февралга чейин аскер госпиталында Токио шаарында болгон. Андан чыгып, 28-февралдан 6-мартка чейин Токиодо кадимкидей эле айыгып, басып жүргөн.

Ал жактан биздин жаран 30га жакын анализ тапшырган. Ал 30 анализинин ичинен бир анализинен вирус чыгып калган. Биз жаран менен сүйлөшсөк, ал эч кандай дары-дармек ичпей эле жалпы процедураларды алып келгенин айтып берди. Жаранды биз дагы текшердик. Ал учурда бизде жакшы шартта жатат. Анын карантиндик мөөнөтү бүткөндөн кийин текшерүүгө алынып, үйүнө коё берилет", - деп билдирди Чолпонбаев.






Министр: “Коронавирустун жок экенине сүйүнүш керек”

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: