"1000 таблетка психотроптук каражатты Кыргыз өлкөсүнө алып келген". Кылмышка шектүү кармалды





Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Нидерланды өлкөсүнөн (Голландия) Түркия аркылуу Кыргыз өлкөсүнө баңгизатын мыйзамсыз өткөрүү кылмышына бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
"4-март күнү жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында Бишкек шаарында С.А. аттуу жарандан 1000 таблетка психотроптук каражат табылган. Болжолдуу түрдө алынган каражаттардын баасы 50 миң долларга бааланган. Факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, башка адамдардын кылмышка тийиштиги боюнча атайын териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.