Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, чогуу иш алып барууну макулдашты

15-мартта Өзбекстанда коронавирус катталды. Буга байланыштуу кыргыз тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов телефон аркылуу сүйлөшүштү.
"Анда тараптар коронавирус инфекциясы тууралуу талкуулашып, мындан аркы биргелешип иш алып барууларды жана мамлекеттик чек аралар аркылуу өтүүчү жүктөрдүн транзити тууралуу сүйлөшүштү.
Ошондой эле тараптар бул маселелер боюнча маалымат алмашуунун негизинде чогуу иш алып барууну макулдашты", - деп жазылат министрликтин маалыматында
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

