super.kg logo

Түркиядан кыргыздарды кууп жатат деген маалымат калп дейт Анкарадагы мекендештер

 

Социалдык тармактарда Түркиядан коронавируска байланыштуу бардык Кыргыз жарандарын кетирип жатышат деген маалымат тараган. Колдонуучулардын айтымында, Түркия бийлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинен кыргыздарды да кууп жатышат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Түркиянын Анкара шаарындагы мекендештер менен байланышып, ал жактагы абал тууралуу маалымат алды.

Анкарада жашап, иштеп же окуп жаткан студент Кыргыз жарандардын көпчүлүгү ачык маек берүүдөн баш тартышты, бирок учурда бул жакта абал туруктуу жана Түркия бийлиги биздин жарандарды кууп жатат деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын белгилеп өтүштү. Ал эми Анкара шаарында 5 жылдан бери сулуулук тармагында иштеп келе жаткан Гүлайым Аманкожоева социалдык тармактарда чуу чыгарып жаткандар өздөрү күнөөлүү экенин айтып берди.

"Ооба биз дагы Түркия кыргыздарды кууп жатат деген маалыматты уктук. Айрымдары Кыргыз өлкөсүнө барып алып "Бизди коронавируска байланыштуу чыгарып жиберишти" деп айтып жатышыптыр. Бирок бул жерде тынч жүргөндөрдү, документтери туура болгондорду эч ким чыгарган жок. Кууп жатат дегендердин же документтери туура эмес же өздөрү жөн жүрбөй, мыйзам же тартип бузгандар. Түркияда полиция кызматкерлери көчөдө жүрсөң деле токтотуп документ сурабайт", - дейт Гүлайым Аманкожоева.

"Коронавируска байланыштуу жашоочулар чууга алдыртып азык-түлүктү массалык түрдө сатып алган учурлар каттала элекпи?", - деген суроого "Жок, андай учурлар болгон жок. Бирок жашоочулар арасында кооптонуу, коркунуч сезими бар. Бардык алдын алуу иш-чараларын аткарып, тынчтыкты сактоого аракет жасашууда. Бул жактагы кыргыздар болуп чогулуп, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп жатабыз. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда адамдар аз. Ал эми мектептер карантинге байланыштуу жабылган. Бирок окуучулар онлайн окуп жатышат. Жалпысынан абал тынч эле", - деген жооп алдык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.03.2020. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми бул жакта да ушакташпай тынч эле жургулочу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: